№ 24 мектепте РУЗР инженердик класстары ачылды
2026-жылдын 22-октябры, Бишкек. А. Токомбаев атындагы № 24 мектепте «РУЗР инженердик класстары» пилоттук долбоорунун расмий ачылышы болуп өттү. Иш-чарага 11-класстын окуучулары жана Бишкек шаарындагы Россия Илимдер академиясынын илимий станциясынын жаш окумуштуулары катышты.
Долбоор «Чет өлкөдөгү орус мугалими» эл аралык гуманитардык программасынын алкагында, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин колдоосу менен ишке ашырылууда. Анын максаты — мектептерде инженердик-техникалык багытты тереңдетип окутуу жана жогорку технологиялар тармагындагы кесиптер менен тааныштыруу.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө жана методикалык коштоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова катышты. Ал долбоор окуучуларга заманбап илим менен таанышууга жана инженердик-техникалык кесипти аң-сезимдүү тандоого жардам берерин белгиледи.
Окуучулардын алдында Россия Илимдер академиясынын илимий станциясынын изилдөө лабораторияларынын кызматкерлери сөз сүйлөштү:
- Екатерина Алексеевна Лазарева — ЛКИнин кенже илимий кызматкери, Бишкектеги Россия Илимдер академиясынын илимий станциясынын окумуштуу катчысынын милдетин аткаруучу;
- Екатерина Валерьевна Воронцова — ЛКИнин кенже илимий кызматкери;
- Юлия Михайловна Саламатина — ЛGPSтин кенже илимий кызматкери;
- Денис Витальевич Коломейцев — ЛПАРдын кенже илимий кызматкери;
- Артём Юрьевич Валуйский — ЛГМИнин кенже илимий кызматкери;
- Анук Исхарович Юнусов — ЛГМИнин кенже илимий кызматкери.
Окумуштуулар изилдөө иштери жана космостук геодезия менен геофизиканын практикада колдонулушу тууралуу айтып беришти. Окуучулар физика, математика жана география сабактарындагы билимдердин чыныгы илимий изилдөөлөрдө кандай колдонуларын талкуулап, долбоордун мындан аркы окууга жана илимий карьерага ачкан мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.
Мектепте белгилешкендей, иштеп жаткан окумуштуулар менен түз баарлашуу бүтүрүүчүлөргө мектептеги сабактар менен заманбап илимдин байланышын көрүүгө жардам берет
Комментарии