23-СЕНТЯБРЬ — МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ
23-СЕНТЯБРЬ — МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ
№24 А.Токомбаев атындагы Жалпы билим берүү мектебинде
«Көчмөндүн үнү- келечектин тили» аттуу майрамдык иш чара болуп өттү.
23-сентябрь — кыргыз элинин руханий мурасын, улуттук баалуулуктарын жана эне тилге болгон терең урмат-сыйын даңазалаган өзгөчө күн.
Кыргыз тили — элибиздин тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана дүйнө таанымын муундан муунга жеткирген ыйык мурас. Тилди урматтоо — улутту урматтоо, ал эми эне тилди сактоо жана өнүктүрүү — ар бирибиздин жоопкерчиликтүү милдетибиз.
№24 жалпы билим берүү мектебинин жалпы жамааты окуучуларды эне тилибизди аздектеп, аны туура жана таза сүйлөөгө, сабаттуу жазууга, кыргыз тилинин байлыгын терең үйрөнүүгө чакырат.
Тилибиздин келечеги — жаш муундун колунда. Ар бир окуучу кыргыз тилин сүйүп, анын кадыр-баркын бийик тутса, эне тилибиздин келечеги да кең болот.
Мамлекеттик тилибиздин кадыры артып, кыргыз тилибиздин өркүндөп-өсүшүнө ар бирибиз өз салымыбызды кошолу!
Комментарии