Нооруз
№24 жалпы билим берүү мектебинде улуттук каада-салттарды даңазалоо, окуучулардын маданий аң-сезимин өнүктүрүү максатында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар тарабынан ар түрдүү маданий номерлер тартууланды. Атап айтканда, кыргыз элинин улуттук ырлары жаңырып, шаңдуу бийлер аткарылды. Ошондой эле окуучулар тарабынан көркөм окуулар айтылып, Нооруздун маанисин ачып берген чыгармалар көрүүчүлөргө тартууланды.
Майрамдык программада сахналаштырылган оюндар өзгөчө орун алып, окуучулар кыргыз элинин үрп-адаттарын, каада-салттарын чагылдырган көрүнүштөрдү жогорку деңгээлде аткарышты. Мындан тышкары, окуучулардын чыгармачылыгын өнүктүрүү максатында сүрөт көргөзмөсү (выставка) уюштурулуп, анда Нооруз майрамына арналган кооз сүрөттөр коюлду.
Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, окуучуларга майрамдык маанай тартуулап, улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырды.
Комментарии