КЫРГЫЗ ТИЛИМ-ӨЧПӨС БАЙЛЫГЫМ!
КЫРГЫЗ ТИЛИМ-ӨЧПӨС БАЙЛЫГЫМ!
Кыргыз тил майрамына карата 2022-жылдын 28- сентябрында Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп- гимназиясында иш чаралар өткөрүлдү.
9- Б классынын окуучулары «Кыргыз тилим-өчпөс байлыгым» аттуу класстык саатты өткөрүштү. Класстык саат кыргыз тилин сактоо, сүйүү, урматтоо, анын кадыр- баркын көтөрүү, кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошуу жана патриоттук тарбия берүү максатында өткөрүлдү. Мамлекеттик тил майрамына арналган класстык саат Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен башталды.
Окуучуларга кыргыз тилинин тарыхый жолу, байыртадан бери келе жаткан уюткулуу тил экенин жөнүндө кеңири маалымат берилди. Кыргыз тили-кыргыз элинин улуттук тили, аны окуп үйрөнүү, аң-сезимдерин, тилдерин байытуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү. Окуучулар кыргыздардын тарыхындагы улуу » Манас» эпосу, кыргыз элинин каада-салттары, үрп- адаттары жөнүндө даярдалган видеослайд көрүштү. Балдар кыргыз тилиндеги ырларды көркөм окуп, диалог жүргүзүштү жана макал-лакаптарды чечмелеп айтып бере алышты.
Класстык саат аркылуу окуучуларга кыргыз тилине кызмат кылууга, тилдин тазалыгын, байлыгын сактоого түрткү берилди. Жалпылап айтканда, өткөрүлгөн класстык саат мамлекеттик тилди даңазалоого,тилдин өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.
Комментарии