9-СЕНТЯБРЬ КОМУЗ КҮНҮ!
9-СЕНТЯБРЬ КОМУЗ КҮНҮ!
№24 мектеп — гимназиясында “9-сентябрь Комуз күнүнө” карата атайын түзүлгөн пландын негизинде маданий иш-чараларды өткөрүү белгиленген. Бул маданий иш-чаралардын негизги максаты кылым карыткан кыргыз музыкалык аспабын дагы бир жолу даңазалап көрсөтүү, окуучуларга келип чыгуу тарыхы, түзүлүшү, жасалышы ж.б. жөнүндө кеңири маалымат берүү болуп саналды.
Мектебибиздин башталгыч класстарына “Кылымдарды карыткан кыргыз комузу” аттуу салтанаттуу маданий иш-чара өткөрүлдү. Мектептин директору Абдураимова Анара Хабибовна окуучуларды майрамы менен куттуктап, балдарга комуз тууралуу уламыш айтып берди. “Комузчулар тобунун” жетекчиси Абдылдаев Шерик Эшенкулович балдарга комуздун түзүлүшү жөнүндө маалымат берди.
Мектебибиздин “Комузчулар тобу” көрүүчүлөргө “Бакыт”, “Чоң кербез”, “Бакыт күү”, “Жаш курак”, “Алтын балалык” күүлөрүн комуз менен чертилди.
Андан тышкары “Комуз тууралуу сиз билбеген 5 кызыктуу маалымат” аттуу кереге-гезит мектеп фойесинде орнотулду.
“9-сентябрь Комуз күнүнө” карата видео – куттуктоолор даярдалды.
Комментарии