Мектеп Республикасынын Президентин шайлоосу
Салам, достор!
Бүгүн биз жакында окуучулардын өз алдынча башкаруу органы Мектеп Республикасынын башчысын шайлоо болоорун билдиргибиз келет. Биздин мектептеги президенттик шайлоонун иш тартиби менен таанышыңыз:
☀️ Шайлоодо Президенттике талапкерлигин 9-10 класстын окуучулары көрсөтө алат.
✨ Шайлоочу катары 7-11 класстын баардык окуучулары катышышат.
⚜️ Талапкерлер (9—10-класстын окуучулары) төмөндөгү документтердин бардыгын Республика кабинетине тапшырса болот.
🔺07.04кө чейин – талапкерликке документтерди берүү:
— Туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен бирге атайын арыз.
— Мугалимдин Сунуштама Каты
— Баалар табели
🔺14.04 – талапкердин электрондук үгүт постерлерин [email protected] электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
🔺 15.04 – Мектеп Республикасынын Президенттигине талапкерлердин ачык дебаттары
🔺17.04- шайлоо өнөктүгү (программасы): президенттик мөөнөтүңүздөгү максаттарыңыз, аны сөзсүз ишке ашырышыңыз керек.
🔺 22.04- Мектепте шайлоо күнү, 08:00-14:00‼️‼️‼️
💙 Расмий талапкерлер класстык сааттардан бошотулат жана үгүт иштери менен ушул убакта класстарга кирүүгө уруксат берилет. Уларга Рахатовичке кайсыл класска кирүүнү каалап жаткандыгын бир күн мурун билдирүү керек.
🟢Үгүт талапкердин каттоо күбөлүгүн алган учурдан тартып 20.04. (кошо алганда) өткөрүлөт. Эгерде башка күндөрү үгүт иштери жүрсө, сиз шайлоодон четтештирилесиз.
🟢Шайлоо күнү ар кандай үгүт иштерине тыюу салынат, Эгер байкалса сиз четтештирилесиз🟢
🔺22-апрельге жакындаганда шайлоо кандай болорун кененирээк түшүндүрөбүз
Комментарии