Мектеп Республикасынын Президентин шайлоосу
Салам, достор!
Бүгүн биз жакында окуучулардын өз алдынча башкаруу органы Мектеп Республикасынын башчысын шайлоо болоорун билдиргибиз келет. Биздин мектептеги президенттик шайлоонун иш тартиби менен таанышыңыз:
☀️ Шайлоодо Президенттике талапкерлигин 9-10 класстын окуучулары көрсөтө алат.
✨ Шайлоочу катары 7-11 класстын баардык окуучулары катышышат.
⚜️ Талапкерлер (9—10-класстын окуучулары) төмөндөгү документтердин бардыгын Республика кабинетине тапшырса болот.
?07.04кө чейин — талапкерликке документтерди берүү:
— Туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен бирге атайын арыз.
— Мугалимдин Сунуштама Каты
— Баалар табели
?14.04 — талапкердин электрондук үгүт постерлерин [email protected] электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
? 15.04 — Мектеп Республикасынын Президенттигине талапкерлердин ачык дебаттары
?17.04- шайлоо өнөктүгү (программасы): президенттик мөөнөтүңүздөгү максаттарыңыз, аны сөзсүз ишке ашырышыңыз керек.
? 22.04- Мектепте шайлоо күнү, 08:00-14:00‼️‼️‼️
? Расмий талапкерлер класстык сааттардан бошотулат жана үгүт иштери менен ушул убакта класстарга кирүүгө уруксат берилет. Уларга Рахатовичке кайсыл класска кирүүнү каалап жаткандыгын бир күн мурун билдирүү керек.
?Үгүт талапкердин каттоо күбөлүгүн алган учурдан тартып 20.04. (кошо алганда) өткөрүлөт. Эгерде башка күндөрү үгүт иштери жүрсө, сиз шайлоодон четтештирилесиз.
?Шайлоо күнү ар кандай үгүт иштерине тыюу салынат, Эгер байкалса сиз четтештирилесиз?
?22-апрельге жакындаганда шайлоо кандай болорун кененирээк түшүндүрөбүз
Комментарии