КЫРГЫЗДЫН ААЛАМГА – КЫМБАТ БЕЛЕГИ!
КЫРГЫЗДЫН ААЛАМГА – КЫМБАТ БЕЛЕГИ!
12-декабрда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата № 24 мектеп-гимназиясында «Кыргыздын ааламга — кымбат белеги » деген темада Сманбаева Роза Амановна 6-е5 классынын окуучуларына кыргыз адабиятынан ачык сабак өткөрдү.
Бул сабактын негизги максаттары белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Ч. Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык жолу менен таанышуу. Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча көркөм окууга болгон кызыгуусун өстүрүү. Ч. Айтматовдун чыгармалары аркылуу тазалыкка, адилеттүүлүккө, тилибизди даңазалоого жана тилге болгон сый — урматты арттыруу.
Окуучулар Чынгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча суроолорго жооп берип, тасмаларынан үзүндүлөрдү көрүп талкуулашты. Сабактын соңунда окуучулар Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын окуганды абдан жакшы көрүшөрүн айтышты.
Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы улуттук адабиятыбыздын эле эмес, искусствонун башка түрлөрүнүн да жогору деңгээлге көтөрүлүшүнө зор таасирин тийгизди. Улуу жазуучу Ч. Айтматовдун баа жеткис руханий мурасы кылымдарды карытып жашай берет.
Комментарии