КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУДАГЫ ИННОВАЦИЯЛЫК УСУЛ-ЫКМАЛАР
КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУДАГЫ ИННОВАЦИЯЛЫК УСУЛ-ЫКМАЛАР
2022-жылдын 23-24-март күндөрү Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназияда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан уюштурулган “Кыргыз – Түрк “Манас” университетинде кыргыз тилин чет тил катары үйрөтүүнүн усул-ыкмалары” аттуу семинар-тренинг болуп өттү. Бул семинар-тренингдин алкагында кыргыз тилин үйрөтүүдөгү негизги көйгөйлөр талкууланды. Ошондой эле, мугалимдер тажрыйба алмашып, жаңы ыкмалар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жыйынтыгында, билимин өркүндөтүүсүн тастыктаган сертификаттар ыйгарылды. Өз кезегинде №24 мектеп-гимназиянын директору А.Х. Абдураимова да жалпы жамааттын атынан семинар-тренинг өткөн окутуучуларга ыраазычылык кат тапшырды.
Комментарии