«Ачык-Асман» Мектеп Республикасы — бул №24 А. Токомбаев атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулардын өзүн-өзү башкаруу боюнча уставдык органы. Уюмдун түрү боюнча ал мектеп жамаатынын ичиндеги толук кандуу демократиялык мамлекеттин прототиби болуп саналат. Ишмердиги мектептин Жобосуна негизделип, «Мектептин өз алдынча башкаруусу жөнүндө» Жобосу аркылуу жөнгө салынат. Курамды тандоону жана уюштуруу түзүмүн аныктоону ишке ашыруу мектеп жетекчилигинин класстан тышкары иштер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн макулдугу менен өзүн-өзү башкаруу органы тарабынан ишке ашырылат.