14-мартта шаардык «Жоокер ыры» сынагы болуп өттү. Аталган сынактын «Көркөм окуу» номинациясында 11-классыбыздын окуучусу Шамилбек кызы Элеонора 1-орунду ээледи. Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасынан үзүндү окуп берди. Эми, Элеонора республикалык сынакка Бишкек шаарынын атынан чыгат.
Комментарии