Жеңиш күнүнө карата хор ырларынын конкурсу
25-апрель күнү мектепте 4-класстын окуучуларынын арасында жыл сайын өтүүчү салтка айланган “Аскердик патриоттук ырлар” хор ырларынын сынагы болуп өттү. Музыка мугалими Маматбекова А.А. ар бир классты даярдап, репертуарды тандап алышкан. Балдар ырларды ырахаттануу менен аткарышты. 4Б классы «Башкы майрам» ырын аткаргандыгы үчүн «Гран при» номинациясынын дипломуна ээ болушту. Биринчи орунду 4-класстын окуучулары «Катюша» ырын аткаргандыгы үчүн алышты. Экинчи орун -4А класс «Өчпөс отто» ырын аткарганы үчүн. Үчүнчү орун-4D класс «Три танкист» ырын аткаруу үчүн. Активдүү катышкандыгы үчүн диплом 4В, 4Е, 4G класстарынын окуучуларына тапшырылды.
Мелдештин жеңүүчүлөрү Улуу Жеңиш майрамына арналган майрамдык салтанатта өз өнөрлөрүн тартуулайт.
Комментарии