«Япон маданияты» мастер-классы
2023-жылдын 3-мартында англис тили боюнча бир айлыктын алкагында Япониянын элчисинин жубайы Юри Года айым Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясына барды. Жолугушууда жапон тилин үйрөнүп жаткан гуманитардык багыттын окуучулары биздин өлкөлөр ортосундагы достуктун белгиси катары меймандарга чакан концерт даярдашты.
Өз кезегинде Япониянын элчисинин жубайы Юри Года Япониянын маданияты, бай салттары тууралуу сүрөттөр ж менен кооздолгон түстүү презентация өткөрдү. Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкеринин жубайы Окава Нироми, JICA кызматкерлеринин жубайлары Харагучи Мегуми, Нагасе Михо жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин маданият бөлүмүнүн кызматкери Табылдиева Нурсулуу япон тилин үйрөнгөн 7-11-класстын окуучуларына мастер-класс өткөрүштү.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жапондордун кагаз фигураларды бүктүрүү өнөрү катары эсептелген оригами жасай алышты. Окуучулар япондук таяктарды ылдамдык үчүн колдонууну да үйрөнүшүп, конокторубуз жасаган медалдарды белекке алышты.
Иш-чара үчүн конокторубузга ыраазычылык билдиребиз, бул маарекенин арты менен катышуучулар Япониянын укмуштуудай маданияты жана үрп-адаттары менен тааныша алышты. Иш-чара Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын чет тилдер кафедрасынын мугалимдери тарабынан өткөрүлдү.
Комментарии