Айтматов ааламында
10-февралда биздин мектебибиздин 6-8-класстарынын окуучулары Ч.Айтматовдун чыгармаларынан экрандаштырылган фильмдердин актерлору менен жолугушуу сыймыгына ээ болушту. Конокторубуз Нургазы Сыдыгалиев жана Бусурман Одуракаев сыяктуу керемет инсандар болушту.
Нургазы Сыдыгалиев дал ошол, элибиздин сүймөнчүлүгүнө ээ, «Ак кээме» тасмасындагы бала. Азыр Нургазы Кыргыз Республикасынын ИИМинин үрмөй аспаптар оркестринин музыканты.
Дагы, «Келгин куштун ыйы» тасмасында Ысмайылдын ролун аткарган Бусурман Одуракаев. Азыр ал Ч.Айтматов клубунун эл аралык ассоциациясынын вице-президенти.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларыбыз Чыңгыз Айтматовдун улуу чыгармаларынын рухуна жана режиссер Болотбек Шамшиевдин легендарлуу тасмасына сугарылды. Актёрлор жаштарга кызыктуу көз ирмемдерди айтып, тартуу учурундагы атмосфераны баяндап беришти. Окуучуларыбыз да кино жаратуу процесси боюнча суроолорун беришип, чыгармаларды талкуулашты. Маектешүү жылуу жана абдан кубанычтуу өттү.
Комментарии