“Сибирь кыргыздары: Сибирдеги улуу дөөлөт жана кыргыздардын цивилизациясы”
2022-жылдын 20-октябрында БААУнин Инновациялык Колледжинде Виктор Иванович Козодойдун “Сибирь кыргыздары: Сибирдеги улуу дөөлөт жана кыргыздардын цивилизациясы” деген темада шаардагы университеттердин жана мектептердин мугалимдеринин катышуусунда ачык лекциясы болуп өттү. Аны менен катар дал ушул жазуучнун китебинин бет ачары болуп өткөнүн белгилей кетүү керек. Бул иш-чарага биздин мектептен тарых мугалими Кайрыл Сагынбековна Куйкеева катышты. Баса белгилөөчү жайы: тарыхый тариздөө боюнча дебатка активдүү катышкандыгы үчүн биздин мугалим жалгыз сандагы алгачкы китепти белек алды.
Комментарии