Шумкарларыбыз, уча бергиле!
Үстүбүздөгү жылдын 17-январында Бишкектин түндүк-батыш четинде Куралдуу Күчтөрүбүздүн Ми-8МТВ аскердик тик учагы машыгып учуу учурунда кулады. Жабыркаган аскер кызматкерлери ооруканага жаткырылып, азыр алардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө экени маалым. Алардын көбүнүн денесинде ар кандай түрдөгү сыныктары бар. Андан сырткары, тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын абадан коргонуу күчтөрүнүн эр жүрөк учкучтарынын бири капитан Жайыл Самудинов кырсыктан каза тапты.
№24 МГнын 1-4 класстарынын окуучулары кырсыкка кабылган мекендештерин тарткан сүрөттөрү менен колдоону чечишти. Тик учактын учкучтарына тезирээк айыгып кетишин каалайбыз 👨✈️🧑✈️ жана бүтүндөй мектеп жамааты менен капитан Ж.Самудиновдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Жакшы тилектер менен, Ачык-Асман 💙
Комментарии