МШК шайлоо жыйынтыгын жарыялады
Кечээ кечте «Ачык Асман» Мектеп Республикасынын Насаатчысы, Мектептик Шайлоо Комиссиясынын Төрагасы Касымбек уулу Уларбек «мектеп окуучуларынын өз алдынча башкаруусу — «Ачык Асман» Мектеп Республикасынын президентин шайлоо жөнүндө» МШКнын протоколун расмий жарыялады. Ага ылайык:
Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын жалпы саны 1769 шайлоочуну түздү.
2023-жылдын 28-апрелиндеги «Ачык Асман» Мектеп Республикасынын окуучуларынын өз алдынча башкаруусунун президентин шайлоодо добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны – 914.
Мектеп окуучуларынын өз алдынча башкаруусунун президенттигине талапкер Кайратов Канат Кайратович 196 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын 21,4%ын түзөт.
Мектеп окуучуларынын өз алдынча башкаруусунун президенттигине талапкер Рахатбеков Эмир Бекназарович 349 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын 38,2%ын түзөт.
Мектеп окуучуларынын өз алдынча башкаруусунун президенттигине талапкер Кирилл Дмитриевич Дмитриев 216 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын 23,6%ын түзөт.
Мектеп окуучуларынын өз алдынча башкаруусунун президенттигине талапкер Болотбек Санирабига 134 добуш алып, шайлоого катышкан шайлоочулардын 14,7%ын түздү.
“Баарына каршы” позициясы үчүн 9 шайлоочу добуш берди, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,98% түзөт.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Рахатбеков Эмир Бекназарович Мектеп окуучуларынын өз алдынча башкаруусу – «Ачык Асман» Республикалык Мектептин президенти болуп шайланды.
Комментарии