Мамлекеттик Туу күнү куттуу болсун!
2023-жылдын 3-мартында Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнүн майрамдоого байланыштуу гимназиянын окуучуларынын жана мугалимдеринин катышуусунда мамлекеттик гимндин коштоосу алдында Кыргыз Республикасынын желегин салтанаттуу көтөрүү аземи болуп өттү.
Учурдан пайдаланып, мектеп Аминистрациясы жана окутуучулар жамааты мекендештерибизди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу күнү менен куттуктайт. Өлкөбүздүн желеги биздин көп кылымдык тарыхыбызды алып жүрөт. Бул биздин ар кылымдагы мекендештерибиздин асылдыгы, берилгендиги жана эрдиги. Алардын ачыктыгы жана чынчылдыгы, мамлекетибизге жан аябастыкка жана ишенимге даяр болуусу. Туруктуу жана гүлдөп өнүккөн өлкөбүздө мамлекеттик туубуз сыймык менен желбиреп тура берсин!
Комментарии