PISAга даярдануу боюнча тажрыйбабыз менен бөлүшөбүз
2023-жылдын 3-мартында Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын дубалында мугалимдерди эл аралык PISA сынагына даярдоо боюнча аймактык семинар өткөрдү. Семинарга Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун мектептеринин кыргыз тили, орус тили, математика жана биология мугалимдери катышты.
Эске салсак, Кыргызстан 2025-жылы өтө турган Эл аралык PISA тестине катышуу үчүн арыз берген. Бул тестирлөө студенттердин алган билимдерин ар кандай турмуштук кырдаалдарда кеңири диапазондогу маселелерди чечүү үчүн колдонуу жөндөмдүүлүгүн баалайт.
Иш-чаранын расмий ачылышында гимназиянын директору Абдураимова Анара Хабибовна куттуктоо сөзүн сүйлөп, жаңы билимге жана көндүмдөрдү өздөштүрүп, аларды чечүүнүн жолдорун табууга жөндөмдүү муунду тарбиялоонун маанилүүлүгүнө токтолду. Райондук билим берүү борборунун директору Мусаева Рахат Ишенбековна жана борбордун адиси Гулира Жолчиевна мугалимдерди PISAга методикалык жактан даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, иш-чараны өткөрүү демилгеси райондун борборуна таандык экендигин белгилешти. Директордун окуу-усулдук иштери боюнча орун басары Кулова Гульмира Саякбаевна презентация менен коштолуп, PISA Эл аралык тестирлөөнүн өзгөчөлүктөрү жана окуу процессинде алынган маалыматтарды ишмердүүлүктүн түрдүү тармактарында колдонуу жөндөмүн өнүктүрүү зарылчылыгы жөнүндө кеңири айтып берди.
Андан соң предметтик мугалимдер сөз сүйлөп, өз багыттары боюнча типтүү тесттик тапшырмалар боюнча тажрыйбаларын сунушташты:
Башманова Екатерина Юрьевна, орус тили жана адабияты мугалими — «Окурман сабаттуулугу»;
Ноикина Оксана Александровна, физика-математика мугалими, Табигый илимдер мектебинин жетекчиси — «Математикалык сабаттуулук»;
Кулова Гульмира Саякбаевна, биология мугалими, директордун окуу-методикалык иштери боюнча орун басары – «Табият таануу сабаттуулугу».
Семинардын соңунда катышуучулар ыраазычылыктарын билдиришип, келечектеги багытта билимдерин жогорулатууга даяр экендиктерин билдиришти.
Комментарии