Окуучуларыбыз ИТБга барышты
17-март күнү гимназиябыздын 10-7-классынын окуучулары Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарындагы Ишкерлерди тейлөө боюнча борбордук башкармалыгында ачык эшиктер күнүнө барып келишти. Иш-чаранын жүрүшүндө мекеменин кызматкерлери окуучуларга Кыргыз Республикасынын аймагындагы учурдагы салык салуу процесси жана жаңы баштаган ишкерди салыктык каттоого алууга карата талаптар жөнүндө кеңири айтып беришти. Ошондой эле, жаш окуучуларга салык органындагы кызматты көрүү мүмкүнчүлүгү берилди. Иш-чаранын соңунда окуучулар өздөрүнүн суроолорун беришти.
Комментарии