Нооруз куттуу болсун, мекендештер!
Бүгүн 20-мартта Аалы Токомбаев атындагы №24- мектеп гимназиясында Нооруз майрамына арналган «Кел, Ноорузум» аттуу иш-чара болуп өттү.Иш- чаранын максаты: эзелтен келе жаткан санжыргалуу Нооруз майрамынын тарыхын эске салып, ата-бабалардан калган үрп-адаттардын жайылтуу болду.Иш- чарага жалпы 100 окуучу, 10 мугалим катышты. Негизги өзөгүн каада-салттар, улуттук оюндар жана ыр-бий түздү. «Баланы бешикке салуу» салтын мамлекеттик тил боюнча кафедрасынын мугалимдери көрсөтүп, айтып беришти.Иш-чара катышуучулар тарабынан колдоого алынып, эң жакшы деңгээлде өттү.
Комментарии