«Биздин жаңырык» — Мектептик дебат лигасы
Эл аралык жеке маалыматтарды коргоо күнүнө карата салттуу түрдө деббаттык лига болуп өттү.
2023-жылдын 28-январын экинчи жарымында биздин гимназияда Мектеп Республиканын демилгеси менен Жеке маалыматтарды коргоонун эл аралык күнүнө карата 7-11-класстар арасында дебаттык лига болуп өттү. Турнирге жалпысынан 16’дан ашык команда катышып, ар биринде 4’төн катышуучу болду. Салтанаттуу иш-чараны ачылуу аземин директордун тарбия иштери боюнча орун басары Лариса Николаевна Купавцева ачты. Ал өз сөзүндө азыркы жаштардын өз максаттарына жетүү багытын белгилеп, өз позициясын туура талаша билүү — бул өзүн-өзү өнүктүрүүнүн маанилүү факторлорунун бири катары белгиледи. Сөзүн жыйынтыктап жатып, ал алдыдагы оюнда класстарга ийгилик каалады. Андан кийин, топтор түз мелдештин кабинеттерине узатылды. Оюндун жүрүшү жаштар үчүн азыркы замандын ар түрдүү көйгөйлөрдүн дүйнөсүнө кызыктуу жана таңкалыштуу саякат жасалды десек жаңылышпайбыз . Тактап айтканда, “Автордук укук”, “Феминизм”, “Акыркы технологиялар”, “Геосаясат мектеп окуучуларынын көзү менен”, “Жеке маалыматтар” ж.б актуалдуу темалар кенен талкууланды.
Мындай суроолор катышуучулардын зор кызыгуусун жаратып, көтөрүлгөн темалардын талкуусу мазмундуу болду. Оюндарда калыстыкты Мектеп Республикасынын тажрыйбалуу мүчөлөрү жана окуучулар демилгелеринин өкүлдөрү аткарышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөрдүн аянтында «Люди в черном» командасы 3-орунга, «Жогорку Кеңеш» командасы 2-орунга жана «Токсики» командасы 1-орунга ээ болушту. Ошондой эле, дебат учурундагы демилгелүүлүгү жана өзгөчө активдүүлүгү үчүн 11 «Г» классынын окуучусу Данияр уулу Нурдин «№24 А.Токомбаев атындагы мектеп-гимназиясынын мыкты чечени» номинациясы менен сыйланды. Сыйлоо аземин директордун класстан сырткары иштер боюнча орун басары Уларбек Касымбек уулу өткөрдү.
Учурдан пайдаланып №24 А.Токомбаев атындагы мектеп-гимназиясынын Жетекчилиги жана «Ачык-Асман» Мектеп Республикасы бул иш-чарага катышкан бардык окуучуларга ыраазычылык билдирип, жеңүүчүлөрдү жетишкендиктери менен куттуктайт.
Комментарии