Сүйүнчү! Эл аралык конкурста жеңдик!
Биздин мектеп “Менин ата-тегим” эл аралык кыймыл-сынагына катышты. Негизги максат – муундар аралык ынтымакты жана жарандык активдүүлүктү бекемдөө. Негизги милдет – улуу-кичүүнү, ата-баланы жана туугандарды, үй-бүлө менен мектепти бирге кармап туруу.
Мелдеш 2022-жылдын 5-декабрынан 30-декабрына чейин өткөрүлдү. Сынакка 10Б жана 10Г класстарынан 11 окуучу катышты. Сабырбеков Байгазы Канатбекович жеңүүчү деп табылды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо Москвада 2023-жылдын 17-февралынан 20-февралына чейин пландаштырылган.
Комментарии