МШКга штаб уюштурулду
Бүгүн А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын директорунун тарбия иштери боюнча орун басарынын иш кеңсесинде мектеп президентин шайлоонун алдында Мектептин шайлоо комиссиясынын (МШК) штабын түзүлдү Бул органды чакыруу менен мектеп жетекчилиги көз карандысыздык жана калыстык принциптерине негизделген ачык-айкын жана адилет системаны түзүүгө умтулат.
Адатта мектептин окуу-тарбия иштерин координациялоо үчүн кызмат кылган кеңсе бүгүнкү күндө уюштуруу чечимдери кабыл алынып, талапкерлердин сунуштары каралып, шайлоо процессине байланышкан маселелер талкуулануучу борбордук штабга айланды.
Мектептин шайлоо комиссиясынын курамы:
Мугалимдер:
1. Лариса Николаевна Купавцева
2. Уларбек Касымбек уулу
3. Любовь Владмировна Лямина
Мектеп Республикасынын мүчөлөрү:
1. Санирабига Болотбек
2. Жылдыз Медерова
3. Нургазиева
Көз карандысыз окуучулар:
1. Михаил Птуха
2. Амирхан Аширкулов
3. Баянсулуу Нургазиева
Комиссиянын ар бир мүчөсү шайлоонун тазалыгын жана ачыктыгын камсыз кылууга багытталган милдеттерге жана укуктарга ээ. Алар белгиленген тартипте жана принциптерге ылайык иш алып барышат, бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга жана жыйынтыкта ар бир студенттин үнү угулуп, эске алынышы үчүн аракет кылышат.
Комментарии