Англис тилин окутуунун усулдары боюнча эл аралык семинар
Англис тилин окутуунун усулдары боюнча эл аралык семинар орун алды
2023-жылдын 20-21-декабрында №24 мектеп-гимназиясынын чет тилдер кафедрасынын окутуучулары Аралбаева М.А., Калыбаева Н.А., Тууганбаева А.С., Эсенбай К.Н. Кыргыз Республикасынын Эл Аралык Университетинде англис тилин окутуунун усулдары боюнча эл аралык семинарга катышты.
Семинардын докладчылары:
1. Венди Фенлейсон — АКШ. Экинчи чет тили катары англис тилин окутуу боюнча тажрыйбалуу усулчу.
Тема: Жандуу көнүгүүлөр активи
2. Акунова Г.Т. – филология факультетинин ага окутуучусу.
Тема: Окууга үйрөтүүдө санариптик технология.
3. Абдышкаева В.М. — филология факультетинин ага окутуучусу.
Тема: Лексиканы окутууда санариптик технология.
Программага ылайык, «Англис тилин окутуунун усулдары» деген темага 12 саат убакыт берилип, англис тилин окутууда окуучуларды окуу процессине тартуу, алган билимдерин практикада колдонууга түрткү берүү сыяктуу маанилүү маселелер белгиленди.
Комментарии