Мектептен мейкинидикке кеткен жол! 😎
12-апрелде Эл аралык космонавтика күнүндө россиялык космонавт-сыноочу, кыргызстандык Сергей Корсаков А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясында өткөн алгачкы мектеп жылдарына кайтып келди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Корсаков мектебибизде 6-класска чейин билим алган.
Космонавтты вице-мэр Виктория Мозгачева, Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева, райондук билим берүү борборунун жетекчиси жана мектептин директору коштоп жүрүштү.
Программанын алкагында1961-жылдын 12-апрелинде Юрий Гагариндин космоско биринчи жолу учушу тууралуу видеоролик, аны менен бирге адамзат тарыхындагы башка космостук саякаттар көрсөтүлду.
Сергей Корсаков балдар менен бирге «Уматурман» орус рок-тобунун «Жылдыздар» ырын аткарышты, видеоклиптин бөлүгү орбитада жүргөндө жазылган.
Жоолугушуунун журушундо «Ачык асман» республикасынын мектеп балдар уюмуна кирүү аземи болуп, андан соң Ак-маанай» бий ансамблинин «Манас» бийи көрсөтүлдү.
Жыйынтыгында Корсаковго ак калпак жана кыргыз чапаны белекке берилди.
Сергей Корсаковдун учуусу Ю«.Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо илимий изилдөө борбору» федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинин отрядынын орусиялык космонавты-сыноочу учуусу 2022-жылдын 18-мартында Байконур космодромунан «Союз МС-21» кемесинде Эл аралык космос станциясына №1 бортинженер катары учкан, жерге 2022-жылдын 29-сентябрында кайтып келген, учуунун узактыгы 194 суткадан (4 656 саат) ашкан.
Толугураак https://bilim.akipress.org/kg/news:512932//?f=cp
Комментарии