Мектеп Республикасынын президентин шайлоо
28-апрель күнү саат 10:00дөн 15:00гө чейин Мектеп Республикасында жаңы Президентти шайлоо ийгиликтүү өттү, ага 914 окуучу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 52%ын түзөт. Добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар катталбай, БШКнын өкүлдөрүнүн жардамы менен добуш берүү процесси Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын толук сактоо менен өттү.
Мектеп окуучуларынын өз алдынча башкаруу органы – «Ачык Асман» Мектеп Республикасынын президентин шайлоо Кыргыз Республикасынын БШКсына караштуу Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун колдоосу менен заманбап шайлоо техникаларын колдонуу менен орун алды.
Мектептин Респубикасынын Президенттигине талапкер болуп 4 окуучу катталган:
КАЙРАТОВ КАНАТ КАЙРАТОВИЧ
РАХАТБЕКОВ ЭМИР БЕКНАЗАРОВИЧ
ДМИТРИЕВ КИРИЛЛ ДМИТРИЕВИЧ
БОЛОТБЕК САНИРАБИЙГА
Мектепте бир ай ичинде үгүт иштери жүрүп, анда талапкерлер «Ачык-Асман» Мектеп Республикасын өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн программаларын көрсөтүштү.
Мектептин жетекчилигинин жана окуучулардын арасынан мектептин шайлоо комиссиясы түзүлдү. Алар үчүн КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча атайын баракчалар, протоколдор жана тесттик бюллетендер иштелип чыккан. Мектепте добуш берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча учурдагы добуш берүүнүн тартибине максималдуу түрдө жакын болду.
Мектеп Республиканын Президенттигине талапкерлер өздөрүнүн программаларын жана убадаларын сунуштап, ар бир добуш үчүн күрөшүштү. Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгында шайлоочулардын көпчүлүгү татыктуу талапкерди тандашты.
Добуш берүү 2023-жылдын 28-апрелинде саат 10.00дөн 15.00гө чейин өттү. Шайлоочулар электрондук күндөлүк аркылуу идентификацияланды. «Ачык Асман» Мектеп Республикасынын шайлоочуларынын тизмесине 7-11-класстын окуучулары жана педагогикалык курам – 1769 шайлоочу кирген. Анын ичинен 914 шайлоочу (52%) катышты.
Мектеп Республикасы КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборуна директор Айсулуу Букамбаева жана БШКнын эксперти Алайбек Туманов катышкан шайлоону өткөрүүдө көрсөткөн жардамы үчүн чоң ыраазычылык билдирет. Ошондой эле, 5 саат бою 10 адамдан турган мектеп шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү: Купавцева Лариса Николаевна, Касымбек уулу Уларбек, Абдыкаримова Кондализ, Болотбекова Аяна, Хабибулла Набиулла, Жамалиев Эмир, Табеева Согдиана, Тынчылыкова Айша жана Мектеп Республикасынын башка бардык мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирет.
Комментарии