Азаматтар мыктысы!
2023-жылдын 20-апрелинде №24 мектеп-гимназиясынын актовый залында 4-7-класстар арасындагы мектептик олимпиаданын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Ага жеңүүчүлөр, катышуучулар, алардын ата-энелери жана мугалимдери, мектеп жетекчилиги катышты.
Салтанаттын башында №24 мектеп-гимназиясынын директору А.Х.Абдураимова окуучуларга окууга берилгендиктери жана олимпиаданын жыйынтыгында эң жакшы жетишкендиктери үчүн терең ыраазычылык билдирди. Андан соң олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу аземи башталды. Салтанаттуу иш-чара жалындуу музыкалык номерлер жана ырлар менен коштолду.
Жалпысынан мектеп окуучуларынын олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи абдан таасирдүү жана укмуштуудай өттү. Бардык катышуучулар жана коноктор позитивдүү эмоцияларга ээ болуп, иш-чаранын уюштурулушуна канааттанышты.
Комментарии