«Кыргызстандын алтын тоолору»
9-февралда А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын окуучуларын «Кыргызстандын алтын тоолору» республикалык сырттан экологиялык сынактын катышуучулары катары Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин окуучуларын сыйлоо аземи болуп өттү. Мектебибиздин 5,6,7-класстарынын окуучулары дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык балдар-өспүрүмдөр экология, аймактануу жана туризм борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин окуучуларынын арасында «Кыргызстандын алтын тоолору» республикалык сырттан өткөн экологиялык сынакка активдүү катышкандыгы үчүн «Мыкты сүрөт» номинациясы төмөндө көрсөтүлгөн окуучуларыбыз атайык сыйлык менен сыйланды:
| София Белоусова | Ширин Аманкулова | Азем Бектурова |
| Андрей Сухов | Жамиля Ишимбаева | Роман Криворучко |
| Сагдия Жапарова | Максим Шитов |
Ошондой эле, мектеп окуучуларын патриоттук жана экологиялык тарбиялоого кошкон салымы үчүн А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын биология мугалими Абдыкадырова Салтанат Муратбековна РБӨЭАТБ ыраазычылык каты менен сыйланды.
Комментарии