Өнөктөштөр өркүнүндө Конфуций Институту
Бүгүн биздин мектепте иш сапары менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети алдындагы кытай маданиятынын жана тилинин дүйнөдөгү расмий өкүл катары атыккан Конфуций институтунун мүдүрү мырза Чени Жигуо болду. Аны мектебибиз мүдүрү Анара Абдураимова тосуп алып, көп тармактуу маек орун алды. Сөз соңунда биздин мектеп-гимназия жана КУУнун Конфуций Институту ортосунда эки тараптуу кызматташуу жөнүндө келишим түзгөндүгүн кубануу менен кабарлайбыз.
Расмий жолугушу жүрүшүндө Конфуций институтунун мүдүрү — мырза Чен Жигуо кытай тилин үйрөнгөн окуучуларыбыз менен кызыктуу жана мазмундуу маек куруп берди.
Конфуций институту менен келишимге кол коюу Кытай менен биздин мектептин ортосундагы маданий жана тилдик алмашууну өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бул келишимдин алкагында биз Кытайдан келген ыктыярчылар тарабынан кытай тилин жана маданиятын үйрөтүүнүн өзгөчө программасына мүмкүнчүлүк алабыз. Мындан тышкары, келишим окуулардын кытай маданияты жана тили боюнча билимин жогорулатуу үчүн көргөзмөлөр, лекциялар жана фестивалдар сыяктуу маданий иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк берет.
Конфуций институтуна кызматташуусу жана окуучуларыбыздын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөгү үчүн абдан ыраазыбыз. Бул келишим Кытай менен болгон байланышыбызды бекемдеп, кытай тилин жана маданиятын үйрөнүүгө кызыккан окуучуларыбызга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам берет.
Комментарии