Комуз бабалардан калган мурас
Бишкек шаарынын А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясында 9-сентябрь Комуз күнүнө карата «Комуз бабалардан калган мурас” аттуу иш чара өткөрүлдү. Бул иш чарага 9-10-класстардын окуучулары катышты. 2019-жылдын 9-сентябры комуз күнү деп белгиленип, ошондон бери салттуу уланып келет. Бул майрам Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатта майрамдалат. Комуз – ак калпак кыргыз элинин байыртадан берки чертме кылдуу үндүү аспабы. Кыргыз элинин музыка маданиятынын эң бай булактарынын бири – элдик ырлары жана күүлөрү. Өткөн заманда комуз үнү жайлоодо, боз үйлөрдө жаңырса, бүгүн дүйнөлүк чоң аренага ата-баба учугун улаган таланттуу улан кыздарыбыз алып чыгууда. Комуз өнөрүн мурас катары кийинки муундарга таанытып, өткөрүп берүү — биздин ыйык милдетибиз!
Комментарии