Кияшев Бекмурат – Президент кызматына №1 талапкер!
22-март күнү саат 12:30да Мектептин Шайлоо Комиссиясы 10 «Г» классынын окуучусу Кияшев Бекмурат Калысбековичти мектептин президенттигине №1 талапкер кылып каттады. Бекмурат – жаш муундун жаркын өкүлү, мектеп турмушуна активдүү катышуучу, коомдук демилгелердин лидери.
Кияшев Бекмурат мектепти көп тармактуу өнүктүрүү жана окуучулардын демилгелерин колдоо принциптерине негизделген өз программасын сунуштады. №1 талапкерди каттоо шайлоо кампаниясынын жаңы барагын ачат, анда окуучу мектеп жана анын окуучулары үчүн өз идеяларын жана программасын тартуулайт.
Комментарии