Келечек ээлери Парламент менен таанышты
2-февраль гимназиябыздын 9 «Б» классынын окуучулары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратында болуп келишти. Парламентте алар өлкөбүздүн азыркы депутаттары менен жолугушту. Анын алкагында Эльвира Жыргалбековна Сурабалдиева менен да мазмундуу маек болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясынын студенттери менен катар биздин окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, толук жоопторду ала алышты. Өсүп келе жаткан муунга эл өкүлдөрү тарабынан мамлекетибиздин өнүгүүсүндөгү алардын ордунун жана ролунун мааниси жөнүндө акыл-кеңеш сөздөр айтылды.
Соңунда класстын жетекчиси Аида Жеңишбековна Шакиралиева мектебибиздин атынан депутаттарга чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, кесиптик ишмердигине ийгилик каалады. Белгилей кетсек, өлкөбүздүн болочок лидерлери өздөрүнүн азыркы таптагы кесиптештери менен жолукту десек жаңылышпайбыз.
Комментарии