Көз жоосун алган француз карнавалы!
Жыл сайын Кыргызстанда Франциянын Элчилигинин жана Бишкектеги Француз Альянсынын колдоосу менен “Франкофония” жумалыгы өткөрүлөт. Француз тилин үйрөнгөн окуучулар, студенттер үчүн ар кандай сынактар уюштурулат.
Бул ирети биздин гимназиянын атынан гуманитардык багытта француз тилин үйрөнүп жаткан 9-11-класстын окуучулары жогоруда аталган иш-чарага баш багышты. Салтыбыздан жазбастан, шаардын мектептеринин ичинен алдыңкы 1-орунду да ала келдик. Удаалаш сыймык катары жогорку деңгээлдеги карнавалдын алып баруучусу 10-классыбыздын окуучусу Эсенбеков Азамат болгонун белгилейбиз.
Иш-чарага Франциянын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси – Франсуа Дело, КЭУнун ректору – Кадыралиев А.Т., Француз тили мугалимдеринин Ассоциациясынын директору Акчекеева М.С. да кадырлуу коноктор катары катышышты.
Саамалыктын соңунда мектептердин окуучулары жана мугалимдери эстелик белектер жана дипломдор менен сыйланышты. Окуучуларды жогорку деңгээлде даярдагандыгы үчүн гимназиябыздын француз тили мугалими М.Ш. Азизова уюштуруучулар тобунан Ыраазычылык Кат алды.
9-11-класстын окуучулары салтанаттуу аземде эч кимди кайдыгер калтырбаган таасирдүү жана кызыктуу вальс менен көрүүчүлөргө тартуулашты.
Мода көргөзмөсүнүн катышуучуларынын, биздин окуучулардын, кайталангыс жана көнүмүштүк көрүнүштөн сырт көйнөктөрү карнавалдын көрүүчүлөрү дүркүрөгөн кол чабуулар татыды.
Учурдан пайдаланып, биздин гимназия мындай кызыктуу иш-чараны уюштурган Бишкектеги Француз Альянсына жана Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетине терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Комментарии