Көңүл буруңуз! Конкурс!
Сталинград салгылашындагы жеңишке 80 жыл! ?
Бишкектеги Орус Үйү 2-февралда саат 14:30да гимназиянын окуучуларын «102.0 Бийиктиги» онлайн интеллектуалдык оюнуна катышууга чакырат. Катышуу үчүн тарых мугалими Акак Азреталиевна Бекмурзаевага кайрылуу керек.
Сталинград салгылашы 2-Дүйнөлүк согуштун жана Улуу Ата Мекендик согуштун Кызыл Армия менен Вермахттын ортосундагы эң маанилүү жана биз жеңишке жеткен ири салгылашуулардын бири болуп саналат. Бул согушка көптөгөн кыргыздар катышкан. Мисалы тайманбас чалгынчы Василий Гостев, согуштан кийин СССРдин эл артисти болгон Асанхан Жумахматов, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов жана башкалар.
Комментарии