Көңүл бургула! Конкурс!
Урматтуу мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар!
Мектебибиздин эң мыкты эмблемасы жана эң мыкты желеги үчүн сынак жарыялаганыбызга кубанычтабыз. Бул бардык катышуучулар үчүн талантын жана чыгармачылыгын көрсөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк.
Биз баарыңыздарды мектебибиздин өзгөчө белгисине айлана алчу жана ар кандай иш-чараларда колдонула турган уникалдуу эмблема жана желек дизайнын түзүүгө чакырабыз.
Сынакка мектептин бардык ата-энелери, окуучулары жана мугалимдери катыша алат. Жеңүүчүлөргө мактоо баракчалары жана түзүлгөн эмблема жана желек үчүн автордук укуктарын белигилөө менен сыйланат. Мындан тышкары, жеңүүчүгө 1000 сом акчалай сыйлык берилет.
Аткарылган иштериңиздерди [email protected] электрондук дарегине 15.03.2023-жылга чейин жөнөтүңүз. Жеңүүчүлөр 2023-жылдын 23-мартында жарыяланат.
Ата-энелерибиз, окуучуларыбыз жана мугалимдерибиз өздөрүнүн талантын көрсөтүп, мектебибиздин уникалдуу эмблемасын, желегин жаратууга салымын кошот деп ишенебиз.
Конкурс тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жобо менен таанышыңыз:
(Маалымат расмий тилде берилген)
Комментарии