Ийгиликтүү инсан менен маек
Жайдын жана эс алуубуздун акыркы айы болгон август — жайкы күн, мөмө-жемиштерден ырахаттанып, мектепке даярдануу мезгили. Анын катарында, 9-августтагы мектепте болуп өткөн дем берүүчү жолугушуу энергия жана сергектикти алууга жардам берди десне жаңылышпайбыз. Иш чараны, көптөн бери иштешип келе жаткан өнөктөшүбүз, СAF уюштуруп, окуучуларга өздөрүнүн жеке келечек багытын табууга жардам берди.
Коногубуз Jyldyz Wood, Улуу Британияда финансы боюнча магистрдик диссертациясын коргоп, JPMorgan Chase & Co. улуттар аралык банкынын ийгиликтүү банкир-аналитиги жана жөн гана сулуу айым. Жолугушууда спикер АКШга окууга тапшыруу жана андан аркы билимин Улуу Британияда уланышынын баалуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Кызыктуу маанайда катышуучулар чет өлкөдө окуунун ар кандай аспектилерине кызыгышты, кабыл алуу критерийлери жана жеке тажрыйбалары менен тааныша алышты. Жолугушуунун соңунда коногубуз менен катышуучулар жеке да маектешип, пикир алмашышты.
Жолугушуу жылуу жана достук кырдаалда өттү.
Мектеп САФга жана жолугушуунун бардык катышуучуларына: мугалимдерге, ата-энелерге жана эс алууга карабай келген балдарга терең ыраазычылык билдирет.
Комментарии