Эне тил — улут сыймыгы
Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев атындагы № 24 мектеп – гимназиясында 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата 23-сентябрь күнү “Эне тил — улут сыймыгы” аттуу иш чара өткөрүлдү. Бул иш чарага 10-класстардын окуучулары катышты. Кыргыз тили “Мамлекеттик тил” макамын алганына 35 жыл болду, ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келе жатат. Элди түбөлүктүү мамлекет катары тааныткан анын тили. Кыргыз тилинин тагдыры — кыргыз улуттун тагдыры. Тилди сактасак, улутту сактайбыз. Кыргыз тилин дүйнө элдерине тааныта билүү, кийинки муундарга жеткире билүү — ар бирибиздин эң ыйык парзыбыз!
Ар бир тил, өз эли үчүн улуу!
Комментарии