Элеонора республикалык сынактан жеңди
“Жоокер ыры” аскердик-патриоттук ырлардын республикалык сынагында борбор калаадагы мектептердин окуучулары эки байгелүү орунга ээ болушту. Сынак КР Президентинин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында 3 номинация боюнча өткөрүлдү. Ага шаардык жана облустук этаптардын жеңүүчүлөрү катышты.
Сынактын жыйынтыгында “Көркөм окуу” номинациясы боюнча – №24 МГсынын 11-классынын окуучусу Шамилбек кызы Элеонора Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасынан монологду аткаргандыгы үчүн 3-орунга ээ болду.
Окуучубуз КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары, КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Ардак грамоталары жана баалуу белектер менен сыйланды. Анын жетекчиси Купавцева Лариса Николаевна Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен ыраазычылык билдирди.
Комментарии