Эл аралык педагогикалык форум
Бүгүн, 2023-жылдын 14-декабрында Кыргызстан-Россия славян университетинде Мугалимдердин Эл аралык форуму болуп, ага А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын мугалимдери катышты. Ошондой эле, билим берүү мекемесинин класстан сырткары иштер уюштуруучусу Касымбек уулу Уларбек сөз сүйлөгөндөрдүн лекторлордун бири болду. Ал өз сөзүндө билим берүүгө инновациялык мамилелердин контекстинде окуучулардын өз алдынча башкаруу органдарынын өнүгүү тенденциялары маселесине токтолду. Андыктан, шаар мугалимдеринин алдында Уларбек окуучулардын ар кандай демилгелеринин коомчулукка актуалдуу маселелерин айтып берди. Алгылыктуу жагдай, анын презентациясы бир сааттан ашык созулду жана Форумдун катышуучулары презентацияда көтөрүлгөн потенциалдуу реформаларга оң сын-пикирлерин билдиришти. Форумдун соңунда бардыгына жекелештирилген сертификаттар тапшырылды.
Касымбек уулу Уларбек Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунда студенттик окууну ийгиликтүү айкалыштырган жамаатыбыздын активдүү окутуучуларынын бири экенин эске салабыз.
Комментарии