«Ден соолугум менин колумда!»
30-январь, өспүрүмдөр арасында тамеки тартууга каршы шаардык декаданын алкагында, мектебибизде “Менин жашоом менин колумда!” аттуу семинар-тренингдердин сериясынын бул багыттагы адистердин катышуусу менен экинчи этабы уюштурулду. Иш-чарага 8-параллелдин окуучулары катышты. Иш-чаранын конок спикер катары Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жугуштуу эмес оорулар боюнча улуттук кызматкери, медицина илимдеринин кандидаты, Алина Тариеловна Алтмышева айым болду. Ал окуучуларга маанилүү маалыматтарды берип, тамеки тартуунун алдын алуу үчүн сергек жашоо ыкмаларын сактоонун эң өзгөчө аспектилерин айтып берди. Тилекке каршы, 2020-жылы Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө калкынын 22,3% тамеки чексе, анын 36,7% эркектер жана 7,8% аялдар түзөт. Ошондой эле, уюм өкүнүч менен кырдаал боюнча коңгуроо кагып келет. Бүгүнкү күндө тамеки тартуунун зыяндуулугуна эч ким ынандыруунун кереги жоктой көрүнөт. Бирок, тамеки колдонуу жыл сайын 8 миллиондон ашык адамдын өмүрүн алып, 1,4 триллион доллар өлчөмүндө экономикалык зыян алып келет. Ага карабастан никотин менен ууланууну токтоткондо организм канчалык тез калыбына келерин баары эле биле бербейт.
Тренингдин жүрүшүндө окуучулар жаңы билимдерди активдүү алышкпны айкындалды. Анткени, бул алардын иш-чаранын аягында суроолорунан белгилүү болду. Жыйынды жыйынтыктап жатып болсо, тарбия иштери боюнча мүдүрдүн орун басары Лариса Николаевна Купавцева катышуучуларга жана конокторго биздин мектепке келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясы балдардын жана өспүрүмдөрдүн өнүгүүсү үчүн бардык уюмдар менен кызматташууга ар дайым кубанычта. Бул жаатта биздин мектеп ар дайым эки тарапка тең ынанчы долбоорлорду колдоого даяр.
Комментарии