«Чоң өзгөрүш» башталды!
2023-жылдын 28-мартында жыл сайын өтүүчү Бүткүл Россиялык “Чоң өзгөрүш” сынагы башталып, ага чет өлкөдө жашаган 14 жаштан 17 жашка чейинки жана орус тилин жакшы билген мекендештер катыша алат. Сынактын финалисттери үстүбүздөгү жылдын 14-июлунан 4-августуна чейин, орус кызматташтык агенттигинин «Салам, Россия!» маданий-агартуу саякаттары программасынын алкагында, «Артек» эл аралык балдар борборунда кезектеги сегизинчи чакырылышына баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Катталуу — https://bigchange.online/
6-апрелден 8-апрелге чейин сынактын уюштуруучуларынын өкүлү, «Чоң өзгөрүш» сынагынын башкы мүдүрүнүн орун басары Любовь Кондакова Бишкекте болот. .
Комментарии