Кезектеги 6R Fest биз менен! ?
Үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде 9 «Б» классыбыздын окуучулары күнүмдүк турмушта таштандыларды башкарууга арналган «Калдыктар жөнүндө — кызыктуу жана пайдалуу» ураны алдында өткөн фестивалга (2-ирет болуп жаткан 6R Fest ) активдүү катышты. фестиваль Борбордук Азиядагы Америка университетинде өттү.
Иш-чара БААУнун Жарандык катышуу борбору (CCA) тарабынан Green AUCA (кампустун калдыктарын башкаруу программасы) алкагында уюштурулган. Фестиваль жашыл апрель айына арналып, БААУ бир катар экологиялык иш-чараларды өткөрөт: семинарлар, фестиваль, бак-дарактарды отургузуу жана карагай токоюна коомдук иш күнү жана экотур.
Иш-чара кыргыз-герман-швейцариялык GIZ программасынын “Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” программасынын колдоосу менен орун алды.
Комментарии