«Билимдер марафону» мектептик олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи
8-февраль күнү Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясында 8-11-класстар арасында өткөн “Билимдер марафону” мектеп олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Жеңүүчүлөргө мектептин мүдүрү Абдураимова Анара Хабибовнанын колунан татыктуу сыйлыктар тапшырылды.
Биздин жогорку класстын окуучулары жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана ээ болгон билимдерин көрсөтүштү. Кээ бирлери бир нече предметтик олимпиадада дароо жеңишке жетишкен.
Баардык катышуучуларды жеңиши менен куттуктайбыз жана аларга мындан аркы ийгиликтерди, олимпиадалык ийгиликтерди каалайбыз!
Комментарии