Аябай жакын калды!
Урматтуу ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер!
Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясы сиздерди 2023-жылдын 27-28-апрель күндөрү өтүүчү Билим Фестивалына чакырат.
Эки күндүн ичинде биздин окуучуларыбыз жана мугалимдерибиз билим берүүгө байланыштуу ар кандай темадагы көптөгөн кызыктуу иш-чараларды жана семинарларды тартуулашат. Сиз окуу программалары менен таанышып, билим берүүдөгү акыркы технологияларга күбө болуп, биздин мугалимдердин көптөгөн пайдалуу тажрыйбасын өздөштүрө аласыздар.
Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясында өтүүчү Билим Фестивалында баардыгыбызды көрүүгө кубанычтабыз! Жакында көрүшкөнчө!
Комментарии