Ата Мекенди коргоочулар күнү
22-февраль күнү биздин мектепте Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленди. Майрамдык салтанатка мектептин окуучулары жана мугалимдери менен бирге Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун аскер комиссары да катышты. Саамалыктын башында мектеп мүдүрү Анара Хабибовна Абдураимова жалпы Ата Мекенди коргоочуларды куттуктап, аларга бакубат ден соолук каалады. Иш-чаранын расмий бөлүгүнүн жүрүшүндө жаштарды аскерге чейинки даярдоо мугалими, запастагы полковник Марат Шайлообекович Абдыкадыров Куралдуу Күчтөрдүн катарында келечектеги мекенибиз сакчыларынын ысымдарын салтанаттуу түрдө угузду: 9-класстагы кыраан жигиттерибиз Биринчи Май районунун аскер комиссарынын колунан аскердик каттоого алынгандыгы тууралуу күбөлүк алышты.
Иш чаранын расмий бөлүгүнөн кийин бардык Ата Мекенди коргоочуларды вокал жана бий ийриминин окуучулары куттуктап, майрамдын урматына мыкты концерттик номерлерди тартуулашты. Майрамдык шаң «Кыргызстаным» мекенчилдик ыры менен соңуна чыкты.
Учурдан пайдаланып, А.Токомбаева атындагы №24 мектеп-гимназиясы жалпы мекендештерибизди кирип келген майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт. Өлкөбүздүн асманы ар дайым ачык жана кучак жеткис кубанычка бай болсун .
Комментарии