Андан бери 34 жыл
Көп жылдык салтыбызга шайкеш, 17-февраль күнү биздин мектепте Кеңеш Аскерлеринин Чектелген Курманын Ооганстан Демократиялык Республикасынын аймагынан чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ал согушта катышкан жоокер-ардагерлерини сый-төрүбүзгө чакырылды.
Иш-чара Тарбия иштери боюнча мүдүрдүн орун басары Купавцева Лариса Николаевнанын Ооган согушу жана советтик аскерлердин карапайым калкка кандай жардам бергендиги тууралуу сөз сүйлөөсү менен башталды. Удаалаш ооган окуяларынан тарыхый тасмалар чагылдырылды.
Ошондой эле окуучуларга тарых мугалими Кайрылбүбү Сагынбековна Куйкеева да өз билими менен ортоктошту. Ал өзүнүн эң мыкты салттарында согуштун жүрүшүн жана этаптарын кеңири баяндап берген. Андан соң, ардагерлер: капитан Искен Жумабекович Бектуров, старшина Самат Мырзакматович Батырбеков сөз сүйлөштү. Алар өз сөзүндө согушка катышканы, башынан өткөргөн кыйынчылыктар тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшүп, жер бетинде тынчтык үчүн жанын бергендерди эстеп, урматтоо канчалык маанилүү экенин айтышты.
Окуучулар жана ардагерлер ортосунда пикир алмашуу болуп, анда Ооганстандагы согуш, анын кесепеттери жана ал кандуу жылдардын өлкөбүздүн тарыхы үчүн мааниси тууралуу маселелер талкууланды. Ардагерлер тажрыйбалары менен бөлүшүп, окуучулардын суроолоруна жооп берип, өздөрүн жоо караштын сап башында кандай сезгендиктерин, дал ошол оор кырдаалда кесиптештеринин достугу жана колдоосу канчалык маанилүү экенин айтып беришти.
Окуучулар ардагерлерге ыраазычылыктарын билдиришип, согуш — болтурбоо керек болгон коркунучтуу нерсе экенин, ал аракетте бар ал-күчүбүздү берүүбүз керек экени баса белгиленди. Ошондой эле, достук — эң маанилүү сезимдигиг эстен чыгарбоо убадасы кайталанды. Иш-чара эсте каларлык көз ирмемде «Мы уходим» ыры коштоосунда ардагерлердин урматына бир мүнөттүк жапырт кол чабуулар менен аяктады.
Комментарии