Эне тилдерге арналган айлык саамай аяктады
17-февраль күнү А. Токомбаев атындагы #24 мектеп-гимназиясында «21-февраль-Эл аралык эне тил күнүнө » арналган бир айлык иш-чараларды жыйынтыктоочу фестивалы болуп өттү. Бул иш-чаранын максаты-эл аралык достукту, улуттар арасындагы ынтымакты чыңдоо жана бекемдөө болду. Ошондой эле, ар бир улуттун тили, каада-салттары менен тааныша алдык. Иш-чараны кыргыз тили жана адабияты мугалими Гульнара Кадыралиевна, 7-класстын окуучулары менен даярдады. Жалпы 10 мугалим, 100 окуучу катышты.
Комментарии