23-СЕНТЯБРЬ – КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАЙРАМЫ!
23-СЕНТЯБРЬ – КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАЙРАМЫ!
Бүгүн, 23-сентябрда, «Арыбай кылымдарды багынта бер, ардагым ата-мурас Кыргыз тилим!» аттуу мамлекеттик тилибиздин 33 жылдыгына арналган салтанаттуу линейка болуп өттү. Бүгүнкү салтанаттуу линейканын максаты кыргыз тилинин улуу, бай тилдердин бири экендигин даңазалоо, элдин рухий баалуулуктары аркылуу балдардын адептүүлүк, патриоттук сезимдерин калыптандыруу болгон. Ошондой эле тилибизди кадырлоого тарбиялоо, эл-жерибизге болгон сүйүүсүн арттыруу, биримдикке, достукка тарбиялоо да бүгүнкү линейканын негизги максаттарынын бири болду .
Сатанаттуу линейка Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни менен башталды. Алып баруучунун кыргыз тилинин улуулугу ж.б. жөнүндө айткан сөздөрү мамлекеттик тил гимни менен коштолду. Кыргыз тил гимнин 8-е1 классынын окуучулары Косаков Андрей, Чайченко Милана жана Истамбаева Салтанат жогорку деңгээлде аткарып беришти.
Салтанаттуу линейкада мектептин директору Абдураимова Анара Хабибовна сөз сүйлөп, өзүнүн каалоо-тилектерин да айта кетти.
Ошондой эле 8-классынын окуучулары кыргыз тили жөнүндөгү ырлардан көркөм окуп беришти. Мектебибизде көп жылдан бери ыр-бий тартуулап, көңүлүбүздү көтөрүп келген «Ак маанай» бийчилер тобу «КАРА ЖОРГО » бийин тартуулашты. Салтанаттуу линейканын соңунда алып баруучу «Эне тилибиз эсен болсо, элибиз эч качан жоюлбас, жоголбос! Эне тилди сактоо, элибизди барктоо баарыбыздын эң башкы милдетибиз!» деген сөздөр линейканы жыйынтыктады.
Бүгүнкү салтанаттуу линейка кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Турдалиева Гулайым Каниметовна жана Баймырзаева Эльмира Касымбековналар тарабынан даярдалды.
Комментарии