Биз XXI кылым интеллектуалдарыбыз!
Окуучулардын билим сапатын, илимий-техникалык чыгармачылыгын, илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында мектеп окуучуларынын илимий долбоорлорунун сынагы өттү. Сынак 8 номинациялуу 11 багыт боюнча болду. Тандоо беш университеттин профессордук-окутуучулар курамынын өкүлдөрү жана алдыңкы мектеп мугалимдери тарабынан жүргүзүлдү.
Мектеп окуучуларынын илимий долбоорлорунун шаардык сынагына катышуу үчүн 148 долбоор берилген. Сынакка 100 долбоор келип, 300 студент катышты. Долбоор сынагында байгелүү орундарга ээ болгон окуучулар дипломдор менен сыйланса, эң көп упай топтогон мектеп баалуу сыйлыктар менен сыйланат.
Долбоорлордун шаардык сынагында 1, 2-орунду ээлеген жеңүүчүлөрү (техникалык багытта) республикалык долбоорлор сынагына катышат. Бул мелдеште биздин гимназия жеңишке жетти:
«Жаңы теориялык иштеп чыгуулар жана моделдер» номинациясы, «Химия жана химиялык технология» багыты боюнча 1-орун
Турдалиев Максат 11Б
Уткина Анна 11Б
Дурнина Аделя 11Б
Жетекчилери: Табалдиева Кундуз Сабыракуновна жана Лозовских Лариса Васильевна
2-орун «Жаңы теориялык иштеп чыгуулар жана моделдер», «Интеграция, мультидисциплинардык долбоорлор» багыты боюнча:
Темиров Айтегин 10 класс
Птуха Михаил 10 класс
Аскарбеков Ринат 10 класс
Жетекчиси: Байгашканова Алия Дастановна
«Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана программалоо» номинациясында 3-орун:
Апиров Джахангир 11 в
Ли Станислав 11в
Абдимажитов Абильхан 11в
Жетекчилери: Вересов Евгений Юрьевич
Кулова Гульмира Саякбаевна.
[Аталыштагы сүрөт көргөзмөлүү]
Комментарии